Кара-Балтадагы кампадан чыккан өрттүн чоо-жайы
RU

Кара-Балтадагы кампадан чыккан өрттүн чоо-жайы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдөгү "Голден Магнат" ишканасынын кампасында чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Өзгчөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, өрттүн кесепетинен жаракат алгандар жок.

Такталгандай, 3-июнда болжол менен саат 22:16 чамасында Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарында жайгашкан ЖЧК "Голден Магнат" ишканасынын 4 кабатту имаратынын 1-2 кабатындагы кампасы күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 22:18де 2 күжүрмөн эсеп тартылган. Тилсиз жоо саат 23:38де чектөөгө алынып, саат 02:00де күйүп жаткан өрт толугу менен өчүрүлдү.

Кырсыктын кесепетинен кампанын болжол менен жалпы 250 чарчы метр жери күйдү. Ал эми болжол менен 650 чарчы метр аянт өрт өчүрүүчүлөрдүн аракетинен улам сакталып калды.

Ишкананын жетекчисинин маалыматына ылайык, кампанын ичинде 300 кг селитра жана 1 тонна каустикалык сода болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12756