Аламүдүн дарыясында суунун көлөмү нормадан 3-4 эсе азайды
RU

Аламүдүн дарыясында суунун көлөмү нормадан 3-4 эсе азайды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аламүдүн дарыясында суунун көлөмү нормадан үч-төрт эсе азайды. Бул туурасында Айыл чарба министрлиги маалымдады.

Белгилей кетсек, Бишкек шаары жана Арашан, Таш-Мойнок, Кара-Жыгач, Лебединовка, Көк-Жар айыл өкмөттөрүнүн сугат жана таза суусу Аламүдүн дарыясынан көз каранды.

Аталган дарыя 7690 гектар жер аянтын сугат суу менен камсыз кылат.

"Апрель-май айларында түнкүсүн абанын температурасы төмөн болгондугуна байланыштуу суунун агымы нормадан үч-төрт эсе аз болуп тартыштык жаралган", - деп айтылат маалыматта.

Андыктан сугат суу кезек менен ар бир айыл өкмөткө эки күндөн берилип жатат.

"Акыркы эки-үч күндө абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу суунун деңгээли көтөрүлө баштады, бирок дагы эле жетишсиз", - деп билдиришти министрликтен.

Эске салсак, буга чейин Бишкек мэриясы ичүүчү суунун тартыштыгынан улам сууну көп сарптаган менчик мончолор, унаа жуучу жайлар, бассейндер убактылуу жабылып жатканын маалымдаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12762