Күзгө чейин оор жүк ташуучу унаалардын Бишкекте жүрүүсүнө чектөө киргизилет
RU

Күзгө чейин оор жүк ташуучу унаалардын Бишкекте жүрүүсүнө чектөө киргизилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарында 1-июндан 1-сентябрга чейин саат 10:00дөн 20:00гө чейин абанын температурасы 28°С жана андан жогору болгон учурда муниципалдык жолдордо жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилет. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Салмагы 18 тоннадан ашкан оор жана чоң габариттүү унаалардын жүрүшүнө убактылуу тыюу салынды.

"Тыюу эл ташыган унааларга, гуманитардык жардам менен жүктөрдү, габариттүү жана тиешелүү уруксат кагаздарынын негизинде атайын жүктөрдү ташуучу унааларга жайылтылбайт", - деп айтылат маалыматта.

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы менен биргеликте шаардын айланасына кошумча жол белгилерин орното турганын мэрия билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12769