Ырчы Нурчолпон полковник ыдык көргөзгөнүн айткан. Прокуратура тергөө иштерин баштады
RU

Ырчы Нурчолпон полковник ыдык көргөзгөнүн айткан. Прокуратура тергөө иштерин баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Нурчолпондун Куралдуу Күчтɵрүнүн Армиясынын борбордук үйүндө музыкант болуп иштеп жүргөндө ыдыкка кабылганы тууралуу билдирүүлөрү боюнча Бишкек гарнизонунун прокуратурасы иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Маалыматты Kaktus.media Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Сирожиддин Камолидинов тастыктады.

Ырчынын айтымында, эки жыл мурун ал армиянын борбордук үйүндө иштеп, ар кандай аскердик иш-чараларга концерттик программаларды даярдап келген. Ошондой иш-чаралардын биринде Нурчолпонго армиянын подполковниги ыдык көрсөткөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12771