Ырчы Нурчолпон полковник ыдык көрсөткөнүн айтып чыкты
RU

Ырчы Нурчолпон полковник ыдык көрсөткөнүн айтып чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Учурда чет өлкөдө жүргөн ырчы Нурчолпон Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтɵрүнүн Армиясынын борбордук үйүндө музыкант болуп иштеп жүргөндө ыдыкка кабылганын айтты. Бул туурасында ал социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.

Белгилегендей, алар ар кандай аскердик майрамдарда концерт коюшчу. Ошондой концерттердин биринде жагымсыз окуя болгон.

"Ырдап жатканда бир полковник мага ыдык көрсөтүп баштады: ал күч менен кармап, мага колун тийгизүүгө аракет кылды, ал эми анын офицер-кесиптештери да тийишкенге аракет кылып, жолумду тосушту", - деп эскерет ал.

Айтымында, аскерлер жана аскер айымдарынын бири да ага болушкан эмес.

"Анткени, ал полковник болчу. Музыканттарга жооптуу болгон командирлерибиз да унчукпай, барын карап турушту. Жалгыз гана ырчы Ильяз Андаш токтотуп калды. Ырдап бүткөндөн кийин бир офицерге арыздансам, ал жылмайып: "Силер биздин көңүлүбүздү ачуу үчүн келдиңер" деди. Жолдо келатканда кесиптештерим бул биринчи учур эмес экенин, мындан да жаман нерселер болгон дешти. Бирок аларга иш керек болгондуктан арызданбай турганын билдиришти. Мен арыз жазгам, ал адам кечирим сураган. Бул окуя өзүмдү баалоого жана сени баалаган жерде гана иштөөгө үйрөттү", - деп жыйынтыктады ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12686