Бишкектеги унаа жуучу жайлардагы чектөө качан алынат? Мэриянын жообу
RU

Бишкектеги унаа жуучу жайлардагы чектөө качан алынат? Мэриянын жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги унаа жуучу жайларга белгилүү шарттарда иштөөгө уруксат берилет. Бул тууралуу борбор калаанын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев маалымат жыйында билдирди.

Эске салсак, Бишкек шаарынын мэриясы сууну көп керектеген жеке менчик мончолорду, унаа жуучу жайларды жана бассейндерди убактылуу жабуу чечимин чыгарган.

Шамыралиевдин айтымында, мындай абалды көптөгөн ишкерлер түшүнүп, чектөө кире электе эле унаа жуучу жайлардын ишин чектеп коюшкан.

Ал белгилегендей, чектөө бир айга киргизилген. Абал турукташкандан кийин чектөө жоюлат.

Шамыралиевдин айтымында, келечекте унаа жуучу жай кардарларды тейлөөнү улантуу үчүн шаардык техникалык суу түтүгүнө кошулуп, өзүнүн скважинасы (ичүүчү суу менен эмес) же тундургучтары жана сууну тазалоо жана кайра колдонуу үчүн атайын системалары болушу керек.

Ал белгилегендей, бул шаардагы сарпталган суунун көлөмүн азайтууга жардам берет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12774