Бишкекте 15 жеке менчик мончо жана унаа жуучу жай жабылды
RU

Бишкекте 15 жеке менчик мончо жана унаа жуучу жай жабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 15 жеке менчик мончо жана унаа жуучу жай жабылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы маалымдады.

Шаардын айрым райондорундагы ичүүчү суунун тартыштыгына байланыштуу сууну үнөмдөө аракети көрүлүүдө. Мындан улам мэрия мончо, бассейн жана унаа жуучу жайларды жабуу чечимин кабыл алган.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарын ичүүчү суу менен Орто-Алыш жана Ала-Арча жер астындагы суу кендеринин 37 суу алгычы камсыздайт.

Борбор шаарды суу менен камсыздоонун негизги булагы Орто-Алыш суу алгычы болуп саналат, ал ичүүчү суунун 40%дан ашыгын камсыздайт. Учурда Орто-Алыш суу алгычында жер астындагы суулардын статистикалык деңгээли 15 метрден 20 метрге чейин төмөндөгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12768