БШК Ниязалиеванын каттоосун жокко чыгарып, аны жоопко тартууга макулдук берди
RU

БШК Ниязалиеванын каттоосун жокко чыгарып, аны жоопко тартууга макулдук берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбордук шайлоо комиссиясы Ленин району боюнча депутаттыкка талапкер Дамира Ниязалиеванын каттоосун жокко чыгарып, аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берди. Мындай чечимди БШК 5-июндагы жыйынында кабыл алды.

Комиссиянын отурумунда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Чынарбек Майлыбеков талапкердин добуштарды сатып алуу фактылары тастыкталганын билдирди. Шаардык милиция Дамира Ниязалиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча БШКга кайрылуу жолдоду.

Буга чейин социалдык тармактарда Дамира Ниязалиева менен У.Р.нын сүйлөшүүсүндө үгүт иштерин жүргүзүү, жарандарга ар бирине 1500 сомдон төлөп берүү жана аларды шайлоого тартуу боюнча жарандардын тобу менен иштөө схемалары талкууланган аудио тараган. Ошол эле учурда Дамира Ниязалиева өзү мындай сүйлөшүү болгонун четке кагып, жаздыруу жасалма болгонун айтууда.

Комиссиянын отурумунда Ниязалиевадан У.Р. байкоочу катары катталганы белгилүү болду.

Жыйындын соңунда БШК мүчөлөрү депутаттыкка талапкер Дамира Ниязалиеванын каттоосун жокко чыгарып, аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга да макул болушту.

Эске салсак, 28-майда №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына кезексиз шайлоо өтүп, анда алдын ала Дамира Ниязалиева көпчүлүк добушка ээ болгон (35,83%). Бирок жеңүүчү азырынча аныктала элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12780