БШК Улан Сариевдин да каттоосун жокко чыгарды
RU

БШК Улан Сариевдин да каттоосун жокко чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Ленин району боюнча депутаттыкка талапкер Улан Сариевдин каттоосун жокко чыгаруу чечими кабыл алынды.

5-июндагы БШКнын жыйынында УКМКнын өкүлү депутаттыкка талапкер Сариев "шайлоочуларды сатып алуу", "административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу", "шайлоо фондуна кирбеген каржылык каражаттарды пайдалануу" жана "шайлоочуларды ташуу" беренелери боюнча шектелип жатканын билдирди.

Бирок кылмыш ишин козгоо боюнча эч кандай өтүнүч болгон эмес.

Жыйындын соңунда БШК мүчөлөрү депутаттыкка талапкер Дамира Ниязалиева шайлоо фондуна кирбеген каражатты пайдаланганына байланыштуу каттоосун жокко чыгарды.

Эске салсак, 1-июнда УКМК №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Улан Сариевге карата "Шайлоочулардын добушун сатып алуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Өткөн шайлоодо алдын ала маалыматтар боюнча Улан Сариев экинчи орунду ээлеген (11,88%).

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12781