Төртөө каза болгон жол кырсыгы. Жабыркагандардын абалы айтылды
RU

Төртөө каза болгон жол кырсыгы. Жабыркагандардын абалы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкек-Ош жолунун 178-чакырымында жол кырсыгынан жабыркагандардын абалы тууралуу айтып берди.

Бүгүн, 6-июнда таңкы саат 06:00 чамасында Mercedes-Benz жана Toyota Alphard үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин такталган маалыматы боюнча, унааларда 13 адам болгон. Кырсыктын кесепетинен 4 адам окуя болгон жерде, дагы экөө ооруканага жетпей каза болгон. Жети адам Жайыл аймактык ооруканасына жеткирилген.

"Учурда төрт жабырлануучу реанимацияда жатат, алардын бири жаш бала. Алардын абалы оор деп бааланууда. Дагы үчөө - эки бала жана бир чоң киши травматология бөлүмүнө жаткырылды, алардын абалы туруктуу", - деп билдиришти бөлүмдөн.

Дарыгерлер тобу - нейрохирург жана реаниматолог Бишкектен Жайыл аймактык ооруканасына жөнөп кеткен.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын алдын ала маалыматы боюнча, Toyota каршы тилкеге ​​чыгып кеткен. Экспертиза так аныктайт.

Башкы беттеги сүрөт: Алмаз Тажибай

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12797