Киши өлтүрүүгө шектүү кармоочу жайдан качып кеткен. Нөөмөттөгү кызматкерлер кармалды
RU

Киши өлтүрүүгө шектүү кармоочу жайдан качып кеткен. Нөөмөттөгү кызматкерлер кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун прокуратурасы бир катар оор кылмыштарга шектүү убактылуу кармоочу жайдан качкан учурда нөөмөттө болгондорго кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Аларга Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси боюнча (Шалаакылык) иш козголду.

"Иликтөө иштеринин натыйжасында 5-июнь күнү саат 01:40 чамасында нөөмөтчү Ж.Т.К. менен Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайынын кызматкери Д.К.Б. кызматын кыянаттык менен пайдаланып, өзгөчө оор кылмыштарды жасаган деп айыпталып жаткан С.К.Т.га райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынан качып кетүүгө көмөктөшкөн деп шектелген.

Буга ылайык, нөөмөтчү Ж.Т.К жана Д.К.Б кармалды", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Эске салсак, 5-июнга караган түнү саат 01:40 чамасында Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайынан айыпталуучу качкан. Ал "ден-соолугум жакшы болбой жатат" деп нөөмөт өтөп жаткан нөөмөткер милициянын сержанты Ж.Т.га кайрылып, жардам сураган. Сержант убактылуу кармоочу жайдын №2 камерасынын эшигин ачып, өзүнчө бөлмөгө алып кирген маалда К.Сабыров жүрөгү ооруганын айтып берип, дары-дармек берүүнү өтүнгөн. Кызматкер нөөмөт бөлүмгө барып дары алып келген. Ошол маалда К.Сабыров милиционердин өмүрүнө коркунуч келтирүү менен бычакты мойнуна такап, жерге жаткырып колуна темир кишен салып, бутун матрацтын айрындысы менен байлап жана оозуна чүпүрөк салып, убактылуу кармоочу жайдын кире бериш ачкычын алып, убактылуу кармоочу жайдан качып кеткен.

Окуя болгон жерди кароо учурунда бычак, аттиш, матрацтын айрындысы, темир кишен (наручник), андан тышкары убактылуу кармоочу жайдын сыртындагы батыш тарабынан уюлдук телефон табылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12799