2023-жылы Россияга 49,4 миң кыргызстандык турист болуп барган
RU

2023-жылы Россияга 49,4 миң кыргызстандык турист болуп барган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2023-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандын 49,4 миң жараны Россияга туристтик сапар менен барышкан. Бул Росстат тарабынан берилген маалыматтарда айтылды.

2023-жылдын биринчи кварталында Кыргызстандан Россияга өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,1 эсеге көп туристтик сапарлар жасалган.

Өз кезегинде 2023-жылдын январь-апрель айларында россиялыктар Кыргызстанга 64,3 миң туристтик сапар жасашкан. Алардын саны 58,3%га өскөн. Жалпысынан Россия Федерациясынан бардык өлкөлөргө туристтик сапарлардын саны 32,9%га же 4,5 миллионго чейин өскөнүү белгилүү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12801