Муфтият Салык кызматы өткөргөн лотерея шариятка ылайык келет деп эсептейт
RU

Муфтият Салык кызматы өткөргөн лотерея шариятка ылайык келет деп эсептейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) Мамлекеттик салык кызматына "Чек талап кыл – байге утуп ал!" стимул берүүчү лотереясын өткөрүү шарият нормаларына туура келерин тастыктады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

"Бул лотереяда ойнотулган байгелер мамлекет тарабынан камсыздалгандыктан жана ага катышуу бекер болгондуктан, шарият мындай лотереяга уруксат берет. Эгерде лотереяны уюштуруучу билет сатуу жолу менен байге ойнотсо, анда шарият мындай лотереяга тыюу салынган деп эсептейт эле деди муфтият", - деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик салык кызматы жарандардын салык кызматынын лотереясына катышуу бекер экенин, алар Салык чек тиркемеси аркылуу товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда түшкөн акчалай дүмүрчөктөрдү сканерлөө гана керектигин эскертти.

Лотереянын биринчи этабы 2023-жылдын 26-июнунан 1-июлуна чейин өтүп, анда 10 электромобил жана 1000ден ашык баалуу байгелер ойнотулат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12818