Лионель Месси "Интер Майамиге" өткөнүн жарыялады
RU

Лионель Месси "Интер Майамиге" өткөнүн жарыялады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2022-жылы футбол боюнча Дүйнө биринчилигинин чемпиону, "Алтын топтун" 7 жолку ээси, аргентиналык Лионель Месси карьерасын америкалык "Интер Майами" клубунда улантат. Бул тууралуу Месси шаршемби күнү испаниялык Mundo Deportivo гезитине билдирди.

"Мен Майамиге барам деп чечтим. Мен Европадан чыгып, көңүл чордонунан чыгып, үй-бүлөм жөнүндө көбүрөөк ойлонгум келди", - деди Месси.

2-июнда испаниялык Sport гезити "Интер Майами" Мессиге жалпы суммасы 200 миллион долларлык төрт жылдык келишим сунуштаганын жазган.

3-июнда француздук "Пари Сен-Жермен" Мессинин учурдагы сезондун аягында кетээрин жарыялады. Аргентиналык футболчу 2021-жылдын жайынан бери Париж командасында ойноп келет. ПСЖнын курамында футболчу ар кандай турнирлерде 74 беттеш өткөрүп, 32 гол киргизип, 35 пас берген. Месси эки жолу Франциянын чемпиону болуп, бир жолу өлкөнүн Суперкубогун жеңип алган.

Месси 35 жашта, 2003-жылдан 2021-жылга чейин ал "Барселонада" ойногон, анда чабуулчу 10 жолу Испаниянын чемпиону болгон, Испаниянын Суперкубогун, Испания Кубогун 7 жеңген, 4 жолу Чемпиондор Лигасын жеңген. УЕФАнын суперкубогун 3 жолу жана клубдар боюнча дүйнө чемпиону. 2021-жылы Месси "Алтын топту" 7-жолу алды, бул сыйлык жылдын эң мыкты оюнчусуна берилди.

Интер Майами Жогорку Футбол лигасынын (MLS) чемпионатынын Чыгыш конференциясынын жадыбалында акыркы, 15-орунда турат. Команда 16 турдан кийин 15 упайга ээ болду. Интер Майаминин ээлеринин тобуна Англиянын мурдагы капитаны Дэвид Бекхэм кирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12845