Футбол. Эртең Кыргызстан Афганистан менен ойнойт
RU

Футбол. Эртең Кыргызстан Афганистан менен ойнойт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы эртең, 10-июнда CAFA Nations Cup 2023 турниринин алкагында Афганистан менен ойнойт.

Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо, саат 20:00дө болот.

Эки команданын бетме-бет жолугушууларынын статистикасына ылайык, Кыргызстан менен Афганистан төрт жолу жолугуп, анын экөө достук турнир болгон.

Үч беттеште кыргызстандыктар атаандаштарына утулуп, бир беттеште тең чыгууга жетишкен.

Тактап айтканда, 2003-жылы Азия Кубогунун тандоо баскычында кыргызстандыктар 1:2 эсебинде утулуп калган. Арадан беш жыл өткөндөн кийин Азиянын чакырык кубогунун тандоо турунда кыргызстандыктар 0:1 эсебинде утулуп калган. Андан кийинкисинде тең чыгышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12859