Сот шайлоонун жыйынтыгына нааразы партияларга БШКнын алдында митинг уюштурууга тыюу салды
RU

Сот шайлоонун жыйынтыгына нааразы партияларга БШКнын алдында митинг уюштурууга тыюу салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Свердлов райондук соту БШКнын жанында нааразычылык акцияларын уюштуруп, ачкачылык жарылоого тыюу салды. Бул тууралуу журналисттерге Кыргызстандын коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев билдирди.

Анын айтымында, жаканда эле Биринчи май райондук соту өзүнүн имаратынын жанында митинг уюштурууга тыюу салган болчу, бирок шаардык сот ал чечимди жокко чыгарган. Эми ушундай эле чечимди Свердлов соту кабыл алып жатат.

"Бул коронавируска жана башкаларга байланыштуу экени түшүнуктүү. Бирок, булардын ден соолугу өздөрү үчүн маанилүү, ошондуктан митингге чыгып, каршылык акцияларын уюштура беришсин. Үч күндүн ичинде Боршайкомдун бир да өкүлу сыртка чыккан жок. Чыгып түшүндүрүшсүн. Маселе эмнеде болуп жатат? А силер, мына мыйзамсыздыкка кызмат көрсөтүп жаткан полковниктерсиңер", - деди ал, укук коргоочу органдардын өкүлдөрүнө кайрылып.

Белгилей кетсек, бүгүн, 14-апрелде шаардык кеңешке өткөн шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон партиялар БШК имаратынын алдында каршылык акциясын улантышкан.

Үчүнчү күнү митингдин катышуучулары Боршайкомдун алдына чатыр тигүүнү пландашкан болчу, бирок укук коргоо органдарынын өкүлдөрү ага жол беришкен жок. Ошондой эле алар ачкачылык акциясын жарыялайбыз, деп билдиришкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1285