Луговая айылында массалык мушташ чыкты
RU

Луговая айылында массалык мушташ чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аламүдүн районунун Луговая айылында жергиликтүү тургундардын ортосунда массалык мушташ чыкты. Мындай маалыматты Kaktus.media сайтына милиция кызматкерлери билдиришти.

Маалым болгондой, бул айылга Аламүдүн райондук милициясынын көпчүлүк кызматкерлери мушташты токтотуу үчүн келишкен.

Алдын ала маалымат боюнча, жергиликтүү тургундардын бири экинчисин сабап салган. Андан соң чыр-чатакка алардын адамдардын тааныштары, жакындары да кошулуп кетишкен.

Белгилей кетсек, мындан эки күн мурун Васильевка айылында да ушундай мушташ болуп, анда 16 жаштагы өспүрүм катуу сабалган. Ал жердеги массалык мушташ милициянын кийлигишүүсүнөн кийин токтогон.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: zakon.kz.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12871