Тышкы иштер министри Аскердик доктринага "тышкы агрессия" түшүнүгүн киргизүү керек дейт
RU

Тышкы иштер министри Аскердик доктринага "тышкы агрессия" түшүнүгүн киргизүү керек дейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Аскердик доктринага "тышкы агрессия" деген түшүнүктү киргизүүнү сунуштады. Ал мындай сунушун өлкөнүн жаңы Аскердик доктринасы талкууланып жаткан Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты.

"Биз доктринаны ийне-жибине чейин изилдеп чыктык. "Агрессия" же "тышкы агрессия" деген түшүнүктөрдү киргизүү керек деп ойлойбуз. Маалым болгондой, биз буга 2021-жылы жана 2022-жылы туш болгонбуз. Ошондуктан мындай агрессияга каршы чараларыбыз доктринанын төмөнкү бөлүмүндө көрсөтүлүшү керек", - деди министр.

Экинчи сунуш Кыргызстан катышкан эл аралык кызматташтыкка тиешелүү.

"Доктринада коргонуу тармагында кайсы эл аралык уюмдар менен кызматташып жатканыбыз көрсөтүлгөн. КМШ жана ШКУ көрсөтүлгөн. Мен бул уюмдар менен эле чектелбей, Кыргызстан менен башка уюмдардын кызматташуу мүмкүнчүлүгүн көрсөтүүнү сунуштайм", - деп сунуштады министр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12898