Саламаттыкты сактоо министрлиги ТИМдин кызтмакери эмнеден каза болгонун аныктады
RU

Саламаттыкты сактоо министрлиги ТИМдин кызтмакери эмнеден каза болгонун аныктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Бахтияр Шакировдун өлүмүнүн себебин "Парламентаризм сабактары" программасынан айтып берди. Анын айтымында, ТИМдин консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда анафилактикалык шоктон каза болгон.

"ТИМдин кызматкери балдар ооруканасында ийне алып жатып анафилактикалык шоктон улам каза болду. Бул соттук-медициналык экспертиза тарабынан далилденди. Ошондуктан, мен тергөө жүрүп жаткан учурга оорукананын башкы дарыгерин, ЛОР бөлүмдүн жетекчисин жана медайымды жумуштан четтеттим", - деди министр.

Мындай болбош керек болчу. Биринчиден, балдар ооруканасында чоң кишиге тамчылатма дарыны койгондун өзү одоно ката болуп эсептелинет. Экинчиден, антибиотик сайгандан мурун алгач үлгү (проба) жасалыш керек болчу.

Министр бардык региондордогу медиктер бул окуяга байланыштуу окутуулардан өтүшөт, деп кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1289