Ленин районуну №26 округунда кайра шайлоо болобу? БШКнын жообу
RU

Ленин районуну №26 округунда кайра шайлоо болобу? БШКнын жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбордук шайлоо комиссиясынын 5-июндагы жыйынында Ленин районунан депутаттыкка талапкер Дамира Ниязалиеваны каттоону жокко чыгаруу чечими кабыл алынган. Мындан тышкары БШК аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макул болгон.

Бирок Ниязалиеванын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү БШКнын чечимине каршы чыгып, Бишкек административдик сотуна кассациялык даттануу менен кайрылган. Анда сот БШКнын чечимин күчүндө калтырган. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

БШКнын жыйыны 9-июнда болуп өткөн. 13-июнда КР Жогорку сотуна депутат Дамира Ниязалиева арызы менен кайрылган.

"Жогорку соттун чечими болмоюнча шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу мүмкүн эмес. Чечим кабыл алынгандан кийин гана жаңы мөөнөттөрдү белгилөө жана андан аркы аракеттер тууралуу сөз болот", - деп белгиледи БШК.

Буга ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун отурумунан кийин кайра шайлоо дайындалат. Соттун отуруму качан болот, азырынча белгисиз.

28-майда Ленин районунун №26 бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына кезексиз шайлоо өтүп, анда Дамира Ниязалиева көпчүлүк добушка ээ болгон (35,83%). Бирок Ички иштер министрлиги добуштарды сатып алуу фактысы боюнча иш козгоп, Ниязалиеванын штабында тинтүү жүргүзгөн. Талапкер өзү шайлоочуларды сатып алганын кескин четке какты. БШК аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макул болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12909