Жогорку Кеңеште дагы бир депутаттык комиссия түзүлдү. Курамы
RU

Жогорку Кеңеште дагы бир депутаттык комиссия түзүлдү. Курамы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңеште дагы бир депутаттык комиссия түзүлдү.

Парламенттин 14-июндагы жыйынында "Мекенчил" депутаттык тобу мыйзамсыз соттолгондор, шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулгандарга байланыштуу соттордун жана прокуратуранын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка тиешелүү органдардын ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүү демилгесин көтөрүштү.

Комиссиянын курамы:

  • Фархат Исмаилов;
  • Жусупбек Коргонбай уулу;
  • Султанбай Айжигитов;
  • Арсланбек Малиев;
  • Бакыт Тентишев;
  • Марат Мураталиев;
  • Эмил Токтошев;
  • Нилуфар Алимжанова.

Эске сала кетсек, учурда парламентте башкы прокурор Курманкул Зулушевдин депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча сунушун жана конституциялык мыйзамдарды, адам укуктарынын кепилдиктерин жана конституциялык мыйзамдарды одоно бузуулар боюнча иштерди кароо боюнча комиссия иштеп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12913