Наристеге дары туура эмес берилип, чарчап калган.Дарыгерге сөгүш берилип, кызматтан алынды
RU

Наристеге дары туура эмес берилип, чарчап калган.Дарыгерге сөгүш берилип, кызматтан алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Июнь айынын башында kaktus.kg редакциясына Мунаргүл Арзыбай кызы аттуу Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, наристеси дарыгерлердин шалаакылыгынан каза болуп калганын айтып берген.

Ал бул окуя боюнча Саламаттык сактоо министрлигине тиешелүү дарыгерлерге чара көрүү боюнча арыз жазганын айткан.

14-июнда Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкары педиатр Шайырбек Сулайманов коммиссия Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчилигине тиешелүү дарыгерлерди иштен бошотуу тууралуу сунушун бергенин kaktus.kg редакциясын маалымдады.

"Арыз келээр замат комиссия түзүлгөн. Иш менен таанышкандан кийин аталган комиссия курамы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчилигине дарыгерлерди иштен бошотуу жөнүндө сунушун берген. Ал эми оорукананын жетекчилиги аларды жумуштан бошотпой турган болду", - деди ал.

Редакция Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Гүлзат Маймерова менен байланышкан учурда, ал комиссия сөгүш жарыялоо менен ээлеген кызматынан бошотуу чечими чыгарылган корутундуну беришкенин айтты.

"Мага комиссиянын корутундусу кандай келсе, дал ошондой чечим чыгардым. Гадеева републикадагы жалгыз кичинекей балдардын ритмологу. Комиссиянын корутундусунда бөлүм башчыны иштен бошотуу эмес, ээлеген кызмат ордунан бошотуу чечими кабыл алынган. Ал бөлүм башчы кызматынан бошоду. Азыр поликлиникада иштеп жатат. Дарыгерлерге сөгүш берилген", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12915