CAFA турнири: Кыргызстандын футболчулары Оман менен үчүнчү орун үчүн беттешет
RU

CAFA турнири: Кыргызстандын футболчулары Оман менен үчүнчү орун үчүн беттешет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Nations Cup 2023 футбол боюнча турниринде Кыргызстандын футболчулары Оман менен үчүнчү орун үчүн беттеше турган болду.

Бүгүн, 17-июнда турнирдин алкагында Түркмөнстан-Оман жана Өзбекстан-Тажикстан беттештери орун алды.

Бул тайпалык баскычтын жыйынтыгы боюнча Өзбекстан курамасы Иран курамасы менен финалда беттешет.

Ошентип, коло медаль үчүн Кыргызстан менен Оман курама командалары кез келет.

Беттеш 20-июнда Ташкенттеги "Пахтакор" стадионунда өтөт.

Улуттук курама команда бүгүн Ташкентке келип, оюнга даярдык көрө баштады.

Белгилей кетсек, 2024-жылы боло турчу Азия Кубогунда Кыргызсьан Оман менен бир тайпада кез келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12954