Эксперт кышында өлкөдө электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлүшү мүмкүндүгүн айтты
RU

Эксперт кышында өлкөдө электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлүшү мүмкүндүгүн айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда кышында электр жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн. Бул туурасында энергетика боюнча эксперт Али Водянов "Биринчи Радиого" берген маегинде айтат.

Ал Кыргызстанда суунун жетишсиздигинен электр жарыгы тартыш болуп кала турган кырдаалдан качуу үчүн эмне кылуу керектигин түшүндүрдү.

"Тоолордо суук, кар эрибейт, мурда деле ушундай болгон, бирок буга чейин кубаттуулуктардын (энергия) чоң запасы бар болчу. Биз абалдан тынч эле өтүп кетчүбүз. Бирок мен энергетика системасына, министрликке азыр, жайында Россиядан электр энергиясын сатып алууга аракет кылууну сунуштайт элем. Алардын резервдери, кубаттуулугу чоң.

Бул электр энергиясын Казакстан аркылуу өткөрүүдө маселе бар: алардын тармактары өзгөчө кыш мезгилинде ашыкча жүктөлөт.

Азыр мүмкүн болушунча сууну үнөмдөп, сууну көбүрөөк топтоо үчүн максималдуу түрдө электр энергиясын алуу керек. Азыр аларда электр энергиясы эң арзан. Бул кыш мезгилиндеги кооптулукту алдын алууга кандайдыр бир жардам болмок", - деди эксперт.

Ал кошумчалагандай, Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгын узак мөөнөткө чечүү үчүн күн энергиясын өнүктүрүү зарыл.

2023-жылдын 1-июнуна карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү өткөн жылдын 1-июнуна салыштырмалуу 2 миллиард метр кубга азайган.

Ошондой эле Орусиянын "Интер РАО" энергетикалык компаниясы Кыргызстанга электр энергиясын бере баштаганы маалым болгон. 2023-жылдын апрелинен 2024-жылдын мартына чейинки мезгилде импорттун пландаштырылган жалпы көлөмү болжол менен 900 млн кВт саатты түзөт.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: Getty Images.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12971