Жеңиш Разаков үй камагына чыкты
RU

Жеңиш Разаков үй камагына чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-вице-премьер-министр Жеңиш Разаков СИЗОдон бошотулганын Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Биринчи Май райондук соту 16-июнда тергөөчүнүн өтүнүчү менен Разаковдун баш коргоо чарасын өзгөрттү. Ага ылайык, камакка алуу чарасы ушул жылдын 24-июнуна чейин үй камагына бошотуу болуп өзгөртүлдү.

Эске салсак, Разаков 2017-жылы Разаков кызмат абалынан пайдалануу менен ишеничине кирип, ишкердик жүргүзөбүз деп 1 000 000 доллар алып бербей койгонго айыпталууда. Жабырлануучу 2022-жылы милицияга кайрылып, 2023-жылы кармалган. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен мурдагы вице-премьер-министр 24-июнга чейин СИЗОго киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12976