Сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөрдүн катарында Борончу Кудайбергенов да бар
RU

Сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөрдүн катарында Борончу Кудайбергенов да бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 15-апрелде он аял Аламүдүн районундагы айыл өкмөтүн басып алышкан. Алар кредиттер боюнча пайыздык ченди төмөндөтүп берүүнү талап кылышууда. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөрдүн катарында Борончу Кудайбергенов да бар.

Белгилей кетсек, аялдар айыл өкмөтүнүн имаратына таң эрте, саат 06:00до келишкен.

Аялдардын айтымында, эгер алардын маселеси чечилбесе, алар өздөрүн өрттөөгө даяр.

Окуя болгон жерге Чүй облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев, Чүй облустук ИИББсинин жетекчиси, Аламүдүн районунун акими жана башкалар келишти. Алар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аракет кылып жатышат.

Кандайдыр себептерге байланыштуу, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн чиновниктердин катарында куудул Борончу Кудайбергенов да бар.

Бир да мамлекеттик кызматкер курчоого алынган имараттын ары жагында артист эмне кылып жүрөт, деген суроого жооп бере алган жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1297