Бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбооруна каршы петиция түзүлдү
RU

Бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбооруна каршы петиция түзүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбооруна каршы петиция түзүлдү. Активисттер Change.org платформасында бул демилгени кайтарып алуу үчүн кол топтоп жатышат.

"Акыркы жылдары өлкөнүн кайрымдуу жана активдүү жарандары мыйзамсыз кылмыш куугунтуктоолорго кабылып, өлкөдөн чыгарылып, ири суммадагы доолорго дуушар болууда. Мындан тышкары жарандык коом уюмдарынын жана көз карандысыз маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүн чектөөгө багытталган жазалоочу мыйзамдык демилгелердин кабыл алынышына күбө болуп жатабыз.

Коомдук уюмдар жана жарандар бул мыйзам долбоорлору Кыргызстандын Конституциясына жана адам укуктарынын эл аралык стандарттарына карама-каршы келерин белгилеп, аларды четке кагууга чакырышат.

Депутат Надира Нарматова жана Жогорку Кеңештин башка депутаттары "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрүшкөн. Жыйынтыгында "чет элдик өкүл" түшүнүгү киргизилип, ошондой эле катардагы жарандык активдүүлүк үчүн колдонула турган кылмыш-жаза жоопкерчилиги киргизилүүдө. Бул өзгөртүүлөрдүн кабыл алынышы көз карандысыз маалымат каражаттарынын, жарандык коомдун жана сөз эркиндигинин талкаланышына алып келет.

Мунун баары саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарына, ичүүчү сууга жетүү, сапаттуу мамлекеттик кызматтарга ээ болуу жана башка көптөгөн нерселерге таасирин тийгизет.

Биз, Кыргызстандын жарандары, чет элдик өкүлдөр тууралуу мыйзам долбоорун чакыртып алууну талап кылабыз.

Биз конституциялык принциптерди жана эл аралык келишимдерди сактоого, ошондой эле Кыргызстанда сөз эркиндигин, көз карандысыз маалымат каражаттарын, коммерциялык эмес уюмдарды жана жарандык коомду коргоого чакырабыз. Биздин өлкө эркин бойдон калуусу зарыл", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, депутаттар тобу бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатышат. Депутаттардын ою боюнча, саясий ишмердүүлүк менен алектенген жана чет өлкөдөн каржыланган коммерциялык эмес уюмдар чет өлкөлүк өкүлчүлүк статусуна ээ болуп, атайын отчёттуулук режиминде иштеши керек. Эң негизгиси - так жазылбаган мыйзамдын талаптарын бузгандыгы үчүн бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү да, каалаган жаран да кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.

Эксперттер менен юристтер мыйзам долбоору Кыргызстандын Конституциясына жана эл аралык келишимдерге каршы келерин, ошондой эле Россиянын мыйзамдарынын көчүрмөсү деп белгилешти.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: Ольга Воробьева.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12984