Кыргызстан боюнча 1014 айылда ичүүчү суу маселеси чечиле элек
RU

Кыргызстан боюнча 1014 айылда ичүүчү суу маселеси чечиле элек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан боюнча 1014 айылда ичүүчү суу маселеси чечиле элек. Бул тууралуу Архитектура, курулуш, жана турак-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бакыт Кудайбергенов Жогорку Кеңештин тармактык коммитетинин 20-июндагы жыйынында маалымдады.

Маалым болгондой, калкты таза суу менен камсыз кылууга бюджеттен 1 млрд сом бөлүп берүү каралган.

"Биз болжол менен 784 млн долларга сунуш киргизгенбиз. Бул дагы жетпейт. Анткени ал жерде таза суу маселеси эле каралган, канализацияга 100 млн сом эле каралган. Азыр айыл өкмөт, губернатор, акимдердин жардамы менен жер-жерлерди кыдырып маалымат базасын жаңылашыбыз керек. Ошондо жалпы суммасы белгилүү болот", - деди Кудайбергенов.

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында депутаттар калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча аткарылып жаткан иштерди талкуулап жатышат.

Депутат Бактыбек Сыдыков бул маселе көптөн бери чечилбей жатканын сындады.

"Бюджеттен 300 млн сом бөлүндү деген эмне деген акча, бул эч нерсе жок деген сөз", - деди депутат.

Буга чейин Кыргызстандагы 1873 айылдын 346сында таза суу системасы такыр жок экени айтылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12993