CAFA турнири: Кыргызстандын футболчулары бүгүн Оман менен үчүнчү орун үчүн беттешет
RU

CAFA турнири: Кыргызстандын футболчулары бүгүн Оман менен үчүнчү орун үчүн беттешет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 20-июнда Өзбекстандын Ташкент шаарында Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Оман менен беттешет.

Тарыхта алгачкы жолу өтүп жаткан Борбор Азия футбол ассоциациясынын турниринде Кыргызстан үчүнчу орун үчүн ат салышат.

Кыргыз футбол союзу маалымдагандай, үчүнчү орун үчүн беттеш Кыргызстандын убактысы менен сааты 19:30да башталат.

Оюнду @kyrgyz_sport_tv Ютуб каналынан көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, Оман футболчулары менен "Ак Шумкарлар" Азия Кубогунун тайпалык беттешинде кездешет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12996