Айыл өкмөтүн басып алган аялдарга вице-премьер Кармышаков келди
RU

Айыл өкмөтүн басып алган аялдарга вице-премьер Кармышаков келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 15-апрелде Аламүдүн районундагы Пригородный айыл өкмөтүн газ баллон, бензин куюлган канистрлерин алып он аял басып алды. Алар кабинеттердин бирине бекинип алып, ичине эч кимди киргизбей, өздөрүн өрттөйбүз деп коркутуп жатышат. Белгилей кетсек, аялдар айыл өкмөтүнүн имаратына таң эрте, саат 06:00до келишкен.

Саат 12:00до аларга финансы жана экономика министри Улукбек Кармышаков вице-премьер-министр рангында келди. Аялдар аны ичине киргизишти.

Анын айтымында, аялдардын иш аракети мыйзамга каршы, анткени алар мамлекеттик имаратты басып алышты, күч структуралары аларга чабуул жасап деле чыгармак.

"Бирок, алардын аялдар экенин эске алып, сүйлөшүүлөрду жүргүздүк. Алардын кредиттерге байланыштуу көйгөйлөрүн уктук. Бирок, алар жеке менчик жактардан процентке акча алышкан экен. Бул иш боюнча күч структуралары иш алып барууга тийиш. Банктардагы расмий алган кредиттери боюнча жардам берүүгө аракет кылабыз. Алгач бардыгы имараттын ичинен чыгат, деп сүйлөштүк. Бирок, алар чыкпайбыз дешти. Ошондуктан эки аял мени менен премьер-министр Улукбек Мариповго жөнөмөй болдук. Алар сүйлөшкөндөн кийин бул жактагыларга телефон чалышат, калгандары имараттын ичинен чыгышат", - деди Кармышаков.

Натыйжасында вице-премьер-министр жана эки аял премьер-министр Марипов менен жолугушууга кетишти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1300