Милиция кызматкери айыпталуучуну жакыны менен жолугушууга алып барганга шектелди
RU

Милиция кызматкери айыпталуучуну жакыны менен жолугушууга алып барганга шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайынын кызматкери айыпталуучуларды мейманканага ташып жүргөнгө шектелүүдө. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 19-июнда милиция кызматкери С.А. Бишкек шаарынын Тергөө камак жайына камакка алынган Э.А. аттуу жаранды Сокулук райондук сотуна соттук териштирүүгө катышуу үчүн алып чыккан. Кайра кайтып келе жатканда камакка алынган Э.А.ны жарандык күйөөсү А.Ж. менен акчалай сыйлык үчүн Сокулуктагы мейманканалардын биринде жолугуштурган. Ошол учурда коопсуздук кызматкерлери тарабынан үчөө тең кармалышкан.

Бул факты боюнча 342-берене (Пара алуу) менен иш козголуп, Сокулук РИИБдин кызматкери УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13010