Зордуктоо фактысын жаап-жашырган милицияга козголгон кылмыш тергелди
RU

Зордуктоо фактысын жаап-жашырган милицияга козголгон кылмыш тергелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таласта 14 жаштагы кызды зордуктоо фактысын жаап-жашырган деп милиция кызматкери кармалган. Ага карата козголгон кылмыш ишти тергөө аяктаганын Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, облустук прокуратура зордуктоо фактысын жашырып, ал үчүн пара алган Талас РИИБдин айылдык милиция бөлүмүнүн башчысынын ишин иликтөөнү аяктады.

2023-жылдын март айында Талас РИИБдин айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы Ю.А. зордуктоо тууралуу маалыматты алып, тез арада мыйзам чегинде чара көрүүнүн ордуна кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, шектүүнү чакырып, андан 70 миң сом өлчөмүндө пара алып, жогорудагы өзгөчө оор кылмышты жаап-жашырган.

Талас облусунун прокуратурасы бул жаап-жашырылган өзгөчө оор кылмышты аныктап, айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жетекчиси Ю.А.ны камакка алган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 342 (пара алуу) жана 367 (кылмышты жаап-жашыруу) беренелери менен кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Учурда тергөө аяктап, иш соттун кароосуна жиберилди.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13015