Мэрия: Арча-Бешик конушундагы абоненттердин ичүүчү сууга төлөмү кайра эсептелди
RU

Мэрия: Арча-Бешик конушундагы абоненттердин ичүүчү сууга төлөмү кайра эсептелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык мэриясы Арча-Бешик жаңы конушундагы ичүүчү суу маселесин чечүү максатында атайын штаб түзүлгөнүн маалымдады. Тиешелүү тапшырманы калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров койгон.

Бүгүнкү күндө аталган конушта таза суу берүү белгилүү график боюнча уланып, андан тышкары "Бишкексууканал" башкармалыгы, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын 12 суу ташуучу техникалары менен ичүүчү сууну жеткирилүүдө.

Суу ташуучу техникалардын цистерналары күн сайын дезинфекцияланып, аэропорт суу алгычынан ичүүчү суу менен толтурулат. Ичүүчү суунун сапаты химиялык-бактериологиялык лаборатория тарабынан көзөмөлдөнүп турат.

Ленин районунун акими шаардык кызматтардын өкүлдөрү менен жашоочуларга таза суу көйгөйлөрүнүн пайда болушун, аны чечүү жолдору боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Ошондой эле конуштун абоненттерине суунун жетишсиздигинен улам таза суу жана саркынды суулар үчүн кайра эсептөө жүргүзүлөт.

7066 абонент 2023-жылдын май айына кайра эсептөө менен квитанция алышкан. Жалпы саны 258 845 абонентти түзөт. Анын ичинен 2,7% абонент кайра эсептелген.

Ар бир айдын 1-күнүнөн 10-күнүнө чейин "Бишкексууканал" башкармалыгы абоненттерге муздак суу берүү жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча квитанцияларды жеткирип турат.

Квитанцияда абоненттин төмөнкү маалыматы чагылдырылат:

  • муздак сууну керектөө нормасы;
  • дебитордук карыз;
  • жашоочулардын саны;
  • муздак сууга тариф;
  • саркынды суу үчүн тариф.

Суу менен камсыздоо боюнча бардык суроолорду 1850 кыска номерине жөнөтсөңүздөр болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13016