Германиянын президенти расмий сапар менен Бишкекке келди
RU

Германиянын президенти расмий сапар менен Бишкекке келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Германия Федеративдүү Республикасынын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, ардактуу конокту "Манас" эл аралык аэропортунан Эдил Байсалов тосуп алды.

Иш сапардын алкагында Франк-Вальтер Штайнмайер Садыр Жапаров менен жолугат, анда тараптарды өз ара кызыктырган кыргыз-герман өнөктөштүгүн чыңдоо жана мындан ары тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13022