"Аны урган дагы западло". Атазов Байсаловдун жүрүм-турумуна нааразы болду
RU

"Аны урган дагы западло". Атазов Байсаловдун жүрүм-турумуна нааразы болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Шайлообек Атазов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жүрүм-турумун карап чыгуу керек дейт. Бул туурасында эл өкүлү парламенттин 22-июндагы жыйынында айтты.

Атазов белгилегендей, чиновник парламентке, депутаттарга шек келтирип жатат.

"Биз бүгүн Эдил Байсаловдун ишин карашыбыз керек. Ал кечээ кофе ичкенде бирөө бир нерсе кошуп койгон окшойт, башы айланып калыптыр. Байсалов "парламенттин токтомдору мен үчүн сунуш мүнөздө эле, парламент дискуссиялык клубга эле окшошуп жатат" дейт. Урматтуу төрага, парламенттин аброюна шек келтиргени үчүн чара көрүп, президентке кайрылбайсызбы", - деп сунуштады.

Депутат кесиптештерине кайрылып, Байсалов "мамлекеттик чыккынчылык" жасады деп таанууну сунуштады.

"Ал мамлекеттик этиканы бузду. Биринчиден, депутаттар менен сүйлөшүүдө этика деген болот. Экинчиден, президенттин, парламенттин башкаруусун ал жокко чыгарып жатат. Бул жерде мамлекеттик чыккынчылык бар. Эмне үчүн ал депутатка кайрылып, "элдин атынан мага тапшырма бербеңиз" дейт? Үчүнчүдөн, элдин добушун алып, парламентке келгендердин добушун жокко чыгарды. Ушул жерде отурган эл өкүлдөрү вице-премьер-министрдин бул айткандарын кантип угуп отурабыз? Эл бизди шайлаганда Эдил Байсалов мазактап кетсин деп шайлады беле? Ал ким өзү?

ЛГБТны колдогону өзүнчө тема. Эми муну урган дагы западло! Дебатка чакырсаң түшүнбөйт экен. Бул эмне деген кадр? Урматтуу депутаттар, Байсалов парламентке, депутаттарга шек келтирип жатат. Асан, Үсөн десе мейли, жалпы депутаттар дейт. Ал бийликтин эки бутагынын ортосунда конфликт жаратып, жарака кетирип жатат. Ошондуктан бул маселени күн тартибине коюп, карашыбыз керек", - деди.

Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев маселе кайсы бир деңгээлде чечилгенин, президент менен, министрлер кабинетинин төрагасы менен сүйлөшкөнүн айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13026