Депутаттар Эдил Байсаловду отставкага кетирүү сунушун колдоду
RU

Депутаттар Эдил Байсаловду отставкага кетирүү сунушун колдоду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин 22-июнундагы жыйынында депутаттар Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду кызматтан алуу сунушун колдоду.

Байсаловдун отставкасын кароо сунушун парламенттеги "Ишеним", "Ата-Журт Кыргызстан" жана "Мекенчил" депутаттык тобу берген.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин 21-июндагы жыйынында бир катар депутаттар Байсаловдун кызмат ордун кароо маселесин көтөрүшкөн.

Парламент спикери Нурланбек Шакиев Байсаловдун комитет жыйынында сүйлөгөн сөздөрү жана андан кийинки маектери көз жаздымда калбай турганын, бул боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен дагы сүйлөшкөнүн билдирген.

Маселенин козголушуна Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 20-июндагы жыйынында Эдил Байсалов менен депутаттардын ортосундагы кайым айтышуу себеп болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13037