Мадумаровго иш козгоо сунушун депутаттар жабык жыйында талкууламай болушту
RU

Мадумаровго иш козгоо сунушун депутаттар жабык жыйында талкууламай болушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Башкы прокуратуранын Адахан Мадумаровго иш козгоо боюнча сунушун караган депутаттык комиссиянын корутундусун парламент жабык жыйында карамай болду.

Мындай чечим бүгүн, 22-июнда эл өкүлдөрү тарабынан кабыл алынды.

Эске салсак, буга чейин эле "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын баракчасы аркылуу депутаттык комиссия Мадумаровго иш козгоо сунушун колдоо тууралуу маалымат тарап, ал көп өтпөй фейк экени аныкталган.

Эске салсак, Жогорку Кеңешке Курманкул Зулушевден Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү сунушу түшкөн. Депутатка карата кылмыш ишин козгоого массалык баш аламандыкка даярдануу жана бийликти күч менен басып алуу боюнча шек себеп болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13038