Акбөкөн Таштанбеков: "Мени абакка камаганда Мадумаровдон башка киши болушкан эмес". Видео
RU

Акбөкөн Таштанбеков: "Мени абакка камаганда Мадумаровдон башка киши болушкан эмес". Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңеште жабык эшик аркасында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин депутат Адахан Мадумаровго карата кылмыш ишин козгоо сунушу каралды.

Анда Адахан Мадумаровго иш козгоого депутаттардын көпчүлүк бөлүгү макулдук берди.

Жабык жыйындан чыккан эл өкүлү Акбөкөн Таштанбеков kaktus.kg редакциясына депутаттардын 17си гана каршы добуш бергенин маалымдады.

Акбөкөн Таштанбеков Адахан Мадумаровдун шайлоочуларына жолугуп, депутаттар макулдугун бергени - буга чейин эл өкүлүнө карата айыптарга күнөөлүү экенин билдирбей турганын айтты.

"Мындай нерсе менин да башыман өткөн. Мен бир ай абакта жаттым. Жактоочуларым менен күнөөм жок экенин дадилдеп, ал жерден чыгып кеткем.

Чындыгында Адахан Мадумаровдой мырзаны дагы соттош оңой нерсе эмес.

Мадумаровду күнөөлүү же күнөөлүү эмес деген добуш болгон жок. Азыркы Баш мыйзамга ылайык, соттун чечими жок аны эч ким күнөөлүү дей албайт. Ал шектүү болушу мүмкүн", - деди ал.

Акбөкөн Таштанбеков өзү сунушка кандай добуш берген?

Депутат Акбөкөн Таштанбеков өзүн аталган сунушка каршы же макул деп добуш бергенин ачык айткан жок. Ал болгону Мадумаров убагында Таштанбековго карата кылмыш иши козголгондо жалгыз болушкан депутат болгонун ачыктап, ал да сунушка каршы болгонун кыйытты.

Белгилей кетсек, Адахан Мадумаровго массалык баш аламандыкка жана бийликти күч менен басып алууга даярданган деген шек менен кылмыш ишин козгоо сунушу берилген.

Тагыраагы, унушта Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексиндеги 36-берене (Кылмышка даярдык көрүү), 278-беренесинин (Массалык башаламандыктар) 1-бөлүгү, 326-берене (Бийликти күч менен басып алуу) 338-беренесинин (Бийликтен аша чабуу) 3-бөлүгү боюнча жоопко тартуу үчүн уруксат суралган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13044