Мадумаров: Кесиптештериме басым болуп, кээ бирөөлөргө жакшы сыйлык убада берилген (видео)
RU

Мадумаров: Кесиптештериме басым болуп, кээ бирөөлөргө жакшы сыйлык убада берилген (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров 22-июнда Ак үйдүн алдына чогулган тарапташтары менен жолуккан учурда өзүнө карата иш козгоо сунушуна макулдугун берген депутаттарга кысым болгонун айтты.

Ал кысым эле эмес, кээ бир эл өкүлдөрүнө "жакшы сыйлыктар убада кылынганын" кошумчалады.

"100 пайыз кесиптештериме тапшырма берилген. Аларга кысым эле эмес, кээ бир депутатттарга жакшы сыйлык убада кылынган. Болбосо алар келип, менден кечирим сурабайт эле. Алар келип: көрүп турасыз, билип турасыз, түшүнүп турасыз деп ыйлабайт эле да", - деди депутат.

Эл кимдин ким экенин жакшы билет

Мадумаров кимдин-ким экенин эл жакшы билерин айтып, депутаттык комиссиянын ишине баа берген кесиптешери экенин баса белгиледи.

Эске салсак бүгүн, 22-июндагы Жогорку Кеңештин жабык жыйынында депутаттардын көпчүлүк бөлүгү Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин Адахан Мадумаровго карата иш козгоо сунушун колдоду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13046