Исхак Масалиев Мадумаровго иш козгоого макулдук берүү жакшылыкка алып барбайт дейт
RU

Исхак Масалиев Мадумаровго иш козгоого макулдук берүү жакшылыкка алып барбайт дейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев бүгүн, 22-июнда Ак үйдүн алдына чогулган эл өкүлү Адахан Мадумаровдун тарапташтарынын алдына чыгып, тынтчыкты сактоого, сабырдуу болууга чакырды.

Күрөш эми башталат

Ихсак Масалиев күрөш эми баштала турганын айтып, бул депутаттардын сунушту колдоо чечими күтүлгөн чечим болгонун белгиледи.

"Күрөш эми башталат. Чынын айтканда бул күтүлгөн чечим болду. Бийлик Мадумаровду Жогорку Кеңеште көргүсү келбейт да. Мына бүгүн чечим болду.

Бирок бул чечим сөзсүз эле камоого алып барат дегендик эмес.

Негизги максат - анын (Мадумаровдун -ред.kаktus) тилин кыскартыш керек.", - деди Масалиев.

Сүйлөбөсүн, суроо бербесин, микрофонго жолобосун

Масалиев бийликтин эң негизги максаты Адахан Мадумаровду кысымга алуу экенин айтты.

Бул жакшылык менен бүтпөйт

"Тарыхыбызда көп нерсе болгон. Ким - ким болгон, азыр ал каякта, барын билесиңер. Чогулган элге рахмат. Колдоо максатында келдиңиздер. Буюрса дагы келечекте көптөгөн иштер болот", - деди эл өкүлү.

Ал Адахан Мадумаров экөө чай ичкен жерде "мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылышкан" деген сунуш берилгенин айтып, комиссия ал жерде эч кандай төңкөрүш жасоо аракети жок деген чечимге келгенин белгиледи.

"Экинчи, баягы эле Баткендин Көк-Таш айылында мурда Тажикстанга караштуу жерге 275 метр асфальт жол курулган. Ал жерди биз тажиктерден алып, тажиктерге ижарага берген деп жатат. Ошол туура эмес болду деп 2008-жылдагы протоколго шылтоолоп, жоопко тартабыз деген аракет болуп жатат", - деди Масалиев.

Депутат сунушка "макул" деп добуш берген кесиптештеринин чечими өкүнүчтүү нерсе экенин баса белгиледи.

"Мындай болбош керек. Сөз эркиндиги бир гана жарандарга эмес, депутаттарга дагы таанымал. Эгерде депутаттарды ушундай жол менен жоопко тарта турган болсо, анда эртең Жогорку Кеңеште киши калбай калат", - деп сөзүн жыйынтыктады Исхак Масалиев.

Эске салсак бүгүн, 22-июндагы Жогорку Кеңештин жабык жыйынында депутаттардын көпчүлүк бөлүгу Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин Адахан Мадумаровго карата иш козгоо сунушун колдоду.

Буга чейин Адахан Мадумаровго массалык баш аламандыкка жана бийликти күч менен басып алууга даярданган деген шек менен кылмыш ишин козгоо сунушу берилген.

Тагыраагы, унушта Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексиндеги 36-берене (Кылмышка даярдык көрүү), 278-беренесинин (Массалык башаламандыктар) 1-бөлүгү, 326-берене (Бийликти күч менен басып алуу) 338-беренесинин (Бийликтен аша чабуу) 3-бөлүгү боюнча жоопко тартуу үчүн уруксат суралган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13047