"Сүйүү деп ынандырган". Өспүрүм кыз менен жыныстык катнашка барган жигит камакка алынды
RU

"Сүйүү деп ынандырган". Өспүрүм кыз менен жыныстык катнашка барган жигит камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 26 жаштагы жигит 14 жаштагы кыз менен жыныстык катнашка барган. Шектүүнү жоопкерчиликке тартууда милиция кызматкерлери кош көңүл мамиле кылып жатканын өспүрүмдүн жакындары айтып, "Адилет" укук коргоо уюмуна кайрылган.

Уюмдун маалыматына караганда, 69 жаштагы Халима М. аттуу аял милиция кызматкерлеринин ишине нааразы экенин айтып арызданган.

Ал 14 жаштагы небересин 26 жаштагы жигит алдап, кыздык белгисин алганын билдирген. Айтымында, ушул жылдын 15-июлунда 14 жаштагы небереси үйүнөн 50 миң сом алып качып кеткен. Бул туурасында Кара-Көл шаардык милициясына кабар берилген. 19-июлда өспүрүм кыз Бишкектен табылып, Токтогулдук М.А. аттуу жигит менен качып кеткени аныкталган.

Андан кийинки териштирүүдө М.А. жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашка барганы, экөөнүн ортосунда сүйүү бар экенин айтып ынандырганы такталат. Кийинчерээк жигитти коргоо максатында туугандары ушак чыгарышып, өспүрүм кыз бул окуяга чейин эле башка менен жыныстык катнашка барып жүргөн дешкен.

"Биз Кара-Көл шаардык милициясына арыз менен кайрылганбыз, оор кылмыш экенине карабай шектүүнү эч жакка чыкпоо тил каты менен үй камагына чыгарышкан", - дейт 69 жаштагы аял.

25-июлда Халима Башкы прокуратурага, ИИМге арыз жазган. Бирок эч кандай реакция болбогонун айтат. Ал эми жалпыга маалымдоо каражаттарына окуя боюнча жарыялангандан кийин гана шектүүнү 15-августта камакка алышканын кошумчалады.

Арыздануучу "Адилет" укук коргоо уюмунан бардык соттук териштирүүлөр аяктаганга чейин ага юридикалык колдоо көрсөтүүнү өтүнгөн. Уюмдун юристтери шектүүгө карата 157-берене (Он алты жашка чыга элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) менен иш козголушу мүмкүн экенин маалымдашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7990