Кызды зордуктоого аракет кылган окуя. Шектүү катары чиновник кармалды
RU

Кызды зордуктоого аракет кылган окуя. Шектүү катары чиновник кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин башкармалыктарынын биринин жетекчиси зордуктоого аракет кылган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Айтымдарында, 22-июнда Б.Б. кармалып, баш коргоо чарасы тандалганга чейин 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Эске салсак, 15-июнга караган түнү Токтогул жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде жол тандабастын арткы орундугунда кыз менен жигиттин жаңжалдашканы көчөдөгү камерага түшүп калган. Анда унаанын арткы эшиги ачык болгон, жигитке каршылык көрсөткөн кыз кулап түшкөн. Артынан чыккан киши шымын шымдап жатканы даана көрүнүп калган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13054