№38 мектептин директору акча чогултуунун айынан иштен кетти
RU

№38 мектептин директору акча чогултуунун айынан иштен кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги №38 мектептин директору Жылдыз Садырбаева мектептеги акча чогултууга байланыштуу жаңжалдан кийин кызматтан кетти. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына активист Анара Дауталиева билдирди.

Садырбаева 19-июнда өз каалоосу менен кызматтан кеткенин мэриядан тастыкташты.

Kaktus.media буга чейин аталган мектептеги чатак тууралуу жазган. Активист Анара Дауталиева айрым мугалимдер жана мектеп жетекчилиги окуучуларга кысым көрсөтүп жатканын, бүтүрүү экзамендери үчүн ар бир окуучудан 8200 сомдон чогултулганын билдирген. Ата-энелердин нааразычылыгынан кийин бул сумма 4200 сомго түшүрүлгөн. Ошондой эле мектеп жетекчилиги бүтүрүүчүлөрдөн мектепке принтер белекке берүүнү, мамлекеттик экзамендерде комиссия мүчөлөрүнө гүл, таттууларды, коньяк тапшырууну, ошондой эле мектеп залын 50 миң сомго жасалгалоону талап кылган имиш.

Активисттин айтымында, текшерүү учурунда айрым кадрдык мыйзам бузуулар аныкталган. Маселен, директор иш жүзүндө мектепте иштебеген адамдар үчүн айлык алып, мугалимдердин эмгек акысын тарифтештирүүдө мыйзам бузулуп, иш жүзүндө жок ийримдерге кошумча акы алганы айтылган.

Активист учурда прокуратура, Каржы министрлиги жана башка түзүмдөр тарабынан мектепте текшерүү жүрүп жатканын кошумчалады. Кырдаалды иликтөө үчүн түзүлгөн мэриянын комиссиясы ишин 1-июлга чейин узартты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13060