Дайырбек Орунбеков президент берген убадаларын аткарганын айтып, тизмектеди
RU

Дайырбек Орунбеков президент берген убадаларын аткарганын айтып, тизмектеди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Садыр Жапаров берген убадаларын аткарып жатканын айтып, айрымдарын тизмектеди. Орунбеков бул билдирүүсү менен ар бир иштен күмөн санагандарга жооп кылган.

Ал социалдык тармактагы баракчасына 30-июнда Ысык-Көл облусунда экологиялык "Асман" шаарынын курулушуна старт берилерин, бул долбоор жарыяланганда эч ким ишенбегенин айтат. Ири долбоордун курулушуна президент капсула саларын, андан ары жумуш башталарын белгиледи.

Дайырбек Орунбеков президент кайсы убадаларын аткарганын санап өттү:

  • Кумтөрдү мамлекетке алып, элдин пайдасына иштетем деген убадасына ириде саясатчылар ишенген эмес. "Кантип эле?! Колунан келбейт, эрки, күчү, акылы жетпейт"-деп айткандарын, шылдыңдаганын чогуу эле укканбыз. Жыйынтык, Кумтөрдү мамлекетке алып, казылган алтындары, анын салык жана башка кирешелери толугу менен өлкөбүздүн казынасына түшүп жатат.
  • Ар кандай тоскоолдуктар менен ишке ашпай келген, кубаттуулугу 1860 МВт "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушу башталды. Мындан тышкары ири ГЭСтердин агрегаттарында реконструкциялар болуп, кошумча кубаттуулуктар кошулууда. Жалпысынан 50гө жакын ГЭСтер, чакан ГЭСтер, күн жана шамал электр станциялары (КЭС, ШЭС) курулуп жатат. Муну менен энергетикалык коопсуздук маселеси чечилет.
  • Ар бир кыргыздын кыялындагы "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолунунун курулушу башталды. Бул долбоор менен мамлекетибиз тупиктен чыгып, дүйнөгө кулачын жаят. Темир жол мамлекеттин экономикасына Кумтөр сыяктуу эле миллиарддаган кирешелерди алып келет.
  • Билим берүү тармагына быйыл эң көп каражат бөлдү, жаңы мектеп, бала бакчалардын имараттарынын курулушу жүрүп жатат. Муну менен республикада мектеп көйгөйү чечилет.
  • Дүйнөдө көп өлкөлөр сатып ала элек "Байрактар", "Аксунгур", "Акиыджи" сыяктуу заманбап абадан коргонуу аскердик техникалары сатып алынды. Мындан тышкары эскилиги жеткен куралдар жаңыланды, жакында эле аскердик вертолет алынды. Эми коопсуздугубуз бекем, уйкубуз тынч болот.
  • Өзгөчө кырдаал, кырсыктарды алдын алуу жана куткаруу багытына колдонуучу чет элдик вертолеттор, заманбап өрт өчүрүүчү жана керектүү куткаруучу техникалар алынып, колдонууга.
  • Жол оңдоо жана курууга эскилиги жеткен, арты 1985-жылы чыгарылган техникалар бүгүнкү күнгө чейин кызмат көрсөтүп келсе, анын баары жаңыланып жатат. Кыргызстан 669 жаңы техника сатып алууну максат кылган, анын алды Кыргызстанга келип, өлкөбүздөгү жолдордун курулушуна пайдаланып баштады. Быйыл өткөн жылдарга салыштырмалуу көп аралыкка асфальт жолдор курулат.
  • Миллиарддаган каражаттар Баткенди кайра калыбына келтирүүгө, жаңы үйлөрдү, обьектилерди курууга, элдин жашоо шартын оңдоого кетти. Мамлекеттин экономикасы кубаттуу болгон үчүн – бул сыноону дагы татыктуу көтөрдү. Баткенге милларддаган каражаттар кетип жатканына карабай, башка аймактарга пландалган курулуштар токтогон жок, өксүп отуруп, моюн сунуп отуруп калбай, кайра кайраттандык, күчөдүк.
  • Өлкө аймагы боюнча райондук жетекчилер үчүн – кызматтык үйлөр курулуп, колдонууга берилип жатат. Бул ротация болуп, башка аймакка барган жетекчилерге берилет. Мамлекет кызматкерлердин жер которуп, тажрыйба алмашып иштөөсүнө кам көрүүдө.
  • Жаңы ооруканалар, балдардын реабилитациялык борборлору курулууда. Бишкекте жаңы 100 орундуу "Келечек" борбору курулду. Ысык-Көлдө "Алтын балалык" борбору толук оңдоодон кийин, өлкө аймагындагы бөбөктөрдү кабыл алууда.
  • Облустагы жана аймактардагы аэропорттордун курулуш жумуштары жүрүп жатат, алар бүтсө өлкө ичинде аба каттамдары жанданат. Бишкек шаарына жаңы автобустар сатып алынды.

"Мындан тышкары санап отурса көп иштер аткарылып, ишке ашып, аягына чыгып жатат. Ага сиздер менен чогуу күбө болуудабыз. Жогоруда Садыр Жапаровдун ишке ашкан жана ашып жаткан убадаларын бир сыйра эске салып өттүм. Президент Садыр Жапаров баштаган ишин сөзсүз аягына чыгарат", - деген Орунбеков.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13090