Баланы 1-класска электрондук каттоо. Экинчи этап августтун аягына чейин уланат
RU

Баланы 1-класска электрондук каттоо. Экинчи этап августтун аягына чейин уланат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 26-июнда мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына электрондук каттоонун экинчи этабы башталды. Билим берүү жана илим министрлиги белгилегендей, II этапта жашаган дарегине карабай каттоого турууга болот.

Баланы мектепке каттоонун II этабы 31-августка чейин уланат.

Биринчи этап – юридикалык жашаган жери боюнча 10-апрелден 25-июнга чейин жүргүзүлдү. Мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 81 миң 396 бала кабыл алынса, анын ичинен 1 миң 967 бала жеңилдик менен кабыл алынды.

Мектепке электрондук каттоодо мыйзамдуу жеңилдикке (артыкчылыкка) ээ болгон жарандар бар. Алар:

  • Аскер кызматкерлеринин балдары;
  • Кайрылман статусу бар этникалык кыргыздар;
  • Ушул жылдын сентябрына карата бир жылдан кем эмес мектепте иштеген мугалимдердин жана штаттык кызматкерлердин балдарына.

Аталган жарандар аскер кызматында, мектепте иштегенин жана кайрылман статусу бар экендигин тастыктаган маалыматкатты тиркөөгө тийиш.

Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек. https://mektep.edu.gov.kg/ порталын ачып, башкы беттеги көрсөтмөлөрдү аткаруу зарыл.

Көп берилүүчү суроолорго жоопторду жана нускамаларды порталдын башкы бетинен табууга болот:

https://mektep.edu.gov.kg/faq?type=SCHOOL

https://youtu.be/rklBh-ZEqjs

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13094