"Башка жолду көрбөй турам". Зордукталган баланын атасы президентке кайрылды
RU

"Башка жолду көрбөй турам". Зордукталган баланын атасы президентке кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Февраль айынын аягында Kaktus.media сайтынын редакциясы апасын сууга чөктүрүп өлтүрөбүз деп коркутуу менен зордукталган бала тууралуу окуяны жазып чыккан. Бала 11 гана жашта. Аны эки жигит зордуктаган. Жабырлануучунун ата-энеси окуя тууралуу билери менен укук коргоо органдарына кайрылышкан. Арадан эки жыл өттү, бирок эч ким жазаланган жок. Муну кылмыштын курамынын жоктугу менен түшүндүрүп, үч жолу иш кыскартылган. Анын үстүнө жабырлануучу жана анын үй-бүлөсү жашаган жеринде дайыма коркунуч бар. Бала куугунтукка алынган, атасынын өмүрүнө кол салуу болгон. Баланын атасы президент Садыр Жапаровго видео кайрылуу жасады.

"Урматтуу Садыр Жапаров! Мен сизге жеке кайрылып жатам. Үй-бүлөмдө кырсык болду: биринчиден, баламды кыйнап, зордуктап, сууга чөктүрүштү, менин өмүрүмө кол салуу болду, түндө эшиктин кулпусун талкалап, документтеримди уурдап кетишти. Кайда болбосун кандайдыр бир "маселе" бар. Мен көптөн бери милицияга, прокуратурага кайрылып келем. Кайда гана кайрылбадым. Эч жерде өз укугумду коргогонго мүмкүнчүлүк жок. Бардык жерде кордошот. Мен эмне кыларымды билбей калдым. Бул жерде менин уулума тынч жашоого мүмкүнчүлүк жок. Башка жерге кантип качып кетеримди да билбейм", - деди баланын атасы.

"Бул жасалган кылмыштардын барын катуу көзөмөлгө алып, бардыгын мыйзам чегинде катуу жазалооңуздарды суранам. Мындан башка жолду көрбөйм", - деп жабырлануучунун атасы президентке кайрылды.

Жабыркаган баланын кызыкчылыгын коргогон адвокат Индира Саутованын айтымында, баланын атасы 2021-жылдын 7-июнунда укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган, ошондон бери кылмыш иши үч жолу токтотулган.

"Бала ошол кезде мал кайтарып жүргөн 16 жана 17 жаштагы жигиттерден кордук көргөн, тилекке каршы, бала бул тууралуу ата-энесине дароо айткан эмес. Зордуктоо бир ай бою уланган. Бул тууралуу жабырлануучунун ата-энеси мектептен кокустан билип калышкан", - деди ал.

"Сокулук райондук прокуратурасы менен РИИБи кылмыштын курамы жок деп негизсиз ишти кыскартууда. Соттук-медициналык жана психологиялык-психиатриялык экспертизалар дайындалган. Бирок бул окуяга эч ким көңүл бурган эмес жана эске алган эмес. 2021-жылдын март айында, ал эми ата-энеси июнь айында милицияга кайрылышкан. Тергөөчү кайра текшерүүлөрдү тапшырып, балага зыян келтирген. Ал эки айдан кийин зордук-зомбулуктун изи калбай турганын билип туруп, проктологдордон текшерүүдөн өткөргөн", - деди юрист.

Индира Саутованын айтымында, психологиялык-психиатриялык экспертиза учурунда айтылган суроолорго нааразы.

"Мисалы, учурда бала кандайдыр бир психикалык жактан жабыркап жатабы деп сурашат. Же жашы жете элек бала кылмыш жасап жаткан учурда анын жоруктарын билип, башкара алабы? Бирок бала кылмышкер эмес, ал жабырлануучу. Башкача айтканда, коюлган суроолор таптакыр стандарттарга жооп бербейт. Мындай учурда бала өзүн коргой алабы деген суроолорду бериш керек болчу", - деп түшүндүрдү адвокат.

"2023-жылдын 27-мартында РИИБдин тергөө кызматы тарабынан чыгарылган кылмыш ишин кыскартуу боюнча акыркы чечимди мыйзамсыз деп эсептейбиз, анткени тергөө тыкыр, калыс жана ыкчам жүргүзүлгөн эмес. Бул чечим боюнча даттанып жана жаңы психологиялык-психиатриялык экспертиза дайындалышын талап кылабыз", - деп баса белгиледи Саутова.

Адвокат дагы бир жолу кайталап, соттук-медициналык экспертиза дайындоонун кереги жок экенин белгиледи: кылмыш жасалгандан бери эки жыл өттү, ал эми окуядан эки айдан кийин дайындалган экспертизалар объективдүү баа бере албайт.

"Тергөөдө кылмыштын курамы жок деп айтылып жатат, анткени зордук-зомбулук фактысы болгон деген соттук-медициналык экспертизанын корутундусу жок, эмне үчүн бул окуядан кийин балада травмадан кийинки синдром барбы деген суроо көтөрүлбөй жатат? Негизи эле суроолор эксперттер тарабынан атайылап коюлган эмес деп ойлойбуз. Экспертиза балдар боюнча адистерди тартуу менен жүргүзүлүшү керек. Ошондуктан тергөөдө мүчүлүштүктөр бар экенин айтып жатабыз, аларды жоюу керек", - деп жыйынтыктады Индира Саутова.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13098