Москва шаары жана облусунда терроризмге каршы операция режими алынды
RU

Москва шаары жана облусунда терроризмге каршы операция режими алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ФСБнын Москва шаары жана Москва облусу боюнча башкармалыгы Москванын аймагындагы антитеррордук операциянын режимин жокко чыгарганын Улуттук антитеррордук комитети билдирди. Бул тууралуу РИА новости басылмасы жазды.

"Адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, мүлкүнө жана мыйзам тарабынан корголгон башка кызыкчылыктарына коркунуч жок болгондугуна байланыштуу 23-июнь күнү саат 09:00дөн баштап Москва шаарынын жана Москва облусунун аймагында терроризмге каршы режимин жокко чыгаруу чечими кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.

Борбор калаанын мэри Сергей Собянин башка дагы бардык кошумча чектөөлөр алынып салынганын билдирди.

Эске салсак, 24-июнь күнү "Пригожиндин козголоңу" үчүн Москва шаары жана Москва облусунда контртеррордук операция режими кирзигилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13102