Кыргызстандыктар катышкан Россиядагы автокырсыктын чоо-жайы айтылды
RU

Кыргызстандыктар катышкан Россиядагы автокырсыктын чоо-жайы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россияда кыргыз жарандарынын катышуусундагы автокырсык боюнча Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты.

Аталган ведомствонун маалыматына ылайык, 27-июнга караган түнү Москва убактысы боюнча саат 00:05те Honda (минивэн) жана Hyundai унаалары А-300 федералдык маанидеги жолдун 110-чакырымында (Кобзевка аймагында) кагылышкан.

Кырсыктын кесепетинен каза болгондор:

  • Кыргызстандын эки жараны - аял жана эркек, (1992 жана 1979-жылы туулган);
  • Өзбекстандын төрт жараны.

Андан тышкары 7 эркек (1988, 1990, 1993, 1993, 1994, 1996, 2003-жылы туулган) жаракат алышып, ооруканага түштү.

Учурда жол кырсыгынын себептери укук коргоо органдары тарабынан такталууда.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги жаракат алган мекендештерге консулдук-укуктук жардам берип, каза болгондордун сөөгүн мекенге жиберүү боюнча иштерди уюштурууну колго алганы белгилүү болду.

Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр: SHOT Телеграм-каналы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13110