"Чет элдик өкүл" мыйзам долбоору. Президент жумушчу топтун иштөө мөөнөтүн узартты
RU

"Чет элдик өкүл" мыйзам долбоору. Президент жумушчу топтун иштөө мөөнөтүн узартты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун иштөө мөөнөтү узартылды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгонун жумушчу топтун мүчөлөрү Kaktus.media сайтына тастыкташты.

2023-жылдын 1-октябрына чейин жумушчу топко:

  • "Коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө" мыйзам долбоорун аягына чейин иштеп чыгуу;
  • мыйзам долбоорун коомдук талкууга коюу тапшырылды.

Жумушчу топ кышында түзүлгөнүн, бирок анын жыйыны бир гана жолу өткөнүн белгилешти мүчөлөр.

Жумушчу топко:

  • Укушов Мурат Каниметович - президенттик аппараттын президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси;
  • Айылчиев Алмаз Асимович - президенттин жана Министрлер кабинетинин аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы - президенттин администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
  • Туратбек уулу Акылбек - президенттин жана Министрлер кабинетинин президентинин Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти;
  • Акулуев Урмат Шабынович - Юстиция министрлигинин Юридикалык жактарды каттоо башкармалыгынын начальниги;
  • Ажыбаев Майрамбек Рысмендиевич - Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын салык төлөөчүлөр менен иштөө башкармалыгынын усулдук иш башкармалыгынын жетекчиси;
  • Курманбаева Аида Маратовна - "Адилет" укуктук клиникасы" коомдук фондунун өкүлү;
  • Аскарбеков Айбек Аскарбекович - "Жарандык катышуу" коомдук фондунун өкүлү;
  • Качикеева Бакыта Жеңишбековна - "Стратегиялык чечимдер" коомдук фондунун өкүлү;
  • Эргешбаева Таттыбүбү Нурбековна - "Key G Lawyers Community" коомдук фондунун өкүлү;
  • Дүйшөнбеков Нурдин Ракымбаевич - "Журналисттер" коомдук бирикмесинин өкүлү;
  • Какеев Искендер Бакытович - "Сорос Кыргызстан" коомдук фондунун өкүлү;
  • Ускенбаева Гульнара Тураровна - "Жеткирүүчүлөрдүн (өндүрүүчүлөрдүн жана дистрибьюторлордун) ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин өкүлү;
  • Умуралиева Калича Кусеиновна - "Биздин укук" коомдук фондунун өкүлү;
  • Байжуманова Аида Сарайбековна - "Бир Дүйнө – Кыргызстан" укук коргоо кыймылы" коомдук бирикмесинин өкүлү;
  • Добрецова Надежда Николаевна - "Өнүктүрүү саясат институту" коомдук бирикмесинин өкүлү;
  • Чиркина Галина Эдуардовна - "Альянс репродуктивдүү ден соолук" коомдук бирикмесинин өкүлү;
  • Ашуров Азизбек Жусунбекович - "Чек арасыз Фергана өрөөнүнүн юристтери" коомдук бирикмесинин өкүлү;
  • Ашуралиева Тахмина Мирзалиевна - көз карандысыз юридикалык эксперт;
  • Сатыбеков Бакытбек Эркинович - "Жарандык демилгелерди илгерилетүү альянсы" коомдук бирикмесинин өкүлү;
  • Жуманазарова Аида Байышбековна - Эл аралык коммерциялык эмес укук борборунун өкүлү.

Президенттик аппарат жана депутаттар тобу тарабынан бейөкмөт уюмдар тууралуу эки мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомчулукка жарыяланган. Эл аралык уюмдар жана жарандык активисттер Жогорку Кеңешти мыйзам долбоорлорун четке кагууга чакырышууда.

Долбоордо бейөкмөт уюмдарды мамлекеттик статистика жана салык органдарына, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, прокуратура органдарына алардын иши жөнүндө маалыматтарды, отчётту камтыган документтерди, өздүк башкаруу органдарынын курамы, ошондой эле акча каражаттарынын чыгымдалышы жана башка мүлктүн пайдаланылышы жөнүндө маалыматтарды берүүгө милдеттендирүү каралган.

Мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине 2023-жылдын 31-декабрына чейин коммерциялык эмес уюмдарды кайра каттоодон өткөрүү тапшырылган. Ошондой эле бейөкмөт уюмдарды, түзүмдүк бөлүмдөрүн жоюу үчүн негиздердин тизмеси каралган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13115