MegaCom`дун мурдагы башкы директору кармалды
RU

MegaCom`дун мурдагы башкы директору кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

MegaCom ("Альфа телеком" ЖАК) компаниясынын мурдагы башкы директору Азат Базаркулов кармалды. Маалыматты Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, коррупциялык схемаларды демонтаждоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында "Альфа Телеком" ЖАКсында сатып алуулар системасындагы мыйзам бузуу фактылары аныкталган. Анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинин 4-бөлүгү (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө "Альфа Телеком" ЖАКтын жооптуу адамдары жеке компаниялар менен алдын ала сүйлөшүп, алар үчүн жеңилдетилген шарттарды алдын ала даярдап, ошону менен тендерлерде көп учурда ошол компаниялар ута тургандай жеңишти камсыз кылып турганы аныкталды.

Иштин жүрүшүндө тиешелүү экспертизалар дайындалып, сатып алынган техниканын баасы жогорулатылганы, анын натыйжасында мамлекетке миллиондогон зыян келтирилгени аныкталды.

Алынган далилдердин негизинде Б.А.Т. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Белгилесек, буга чейин УКМК тарабынан "Альфа Телеком" жабык акционердик коому жабдыктарды жогорулатылган баада сатып алган факты аныкталган. Анын алкагында мурдагы кызматкерлер кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13118